Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 18-майда коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков жалган айып менен атылып өлтүрүлгөн. Кыргыз жергесинде Совет бийлигинин орношуна чоң салымын кошкон Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы репрессияга кабылып, “Туран” улуттук партиясынын мүчөсү” деп айыпталган.
1889-жылы Ферганадагы Охна айылында (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) төрөлгөн. Бала кезинен тарта Ферганадагы нан заводдо иштей баштаган. Совет бийлиги орноп баштаган учурда басмачыларга каршы күрөшүү боюнча куралдуу топту жетектеген. 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеген. Көрсөткөн эрдиги үчүн ал Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Андан кийин Кыргыз автономиялуу республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы да болгон. Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин акталган.
17-майдын жылнаамасы.