Жогорку Кеңеште тамактануучу жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Мыйзам долбоор коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салууга багытталган. 116 депутат каттоодон өтүп, 115и “макул”, бирөөсү "каршы" деп добуш берди.

Демилгечилер КСДП фракциясынын депутаттары: Дастан Бекешев, Музаффар Исаков, Альфия Самигуллина, Евгения Строкова жана "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
scorp
2017-05-17 16:35:16
Азаматсынар, эми ушул мыйзамдын сакталышына катту козомолго алсанар абдан жакшы болот.
0
imanchik
2017-05-17 16:55:14
Бироосу каршы))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан