ЭЛДИК ВИДЕО: Баткенде сел менен кошо уйдун агып бара жатканы видеого түшүп калган

SUPER.KG порталынын “Элдик видео” бөлүмүнө “Баткенде сел малды агызып кетти” аталышындагы видео жүктөлдү.

Учурда бул видео интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууну жаратууда. Окуя Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында сел жүргөн маалда болгону белгилүү болду. Видеодон катуу селде уй агып бара жатканын, селдин агымы күчтүү болгондуктан, ошол жердеги адамдар жардам бере албай, жөн эле карап турганын көрүүгө болот.

Айта кетсек, 15-май күнү кечки саат 19:40тар чамасында Айдаркен шаарында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Селдин суусу арыктарга батпай, жолдорго чыгып, натыйжада 11 турак жайдын жана 17 короонун ичине суу кирген.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан