Адистер: "Интернет аркылуу коомчулукка тарап, талкууга алынып жаткан кантала Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жок"

Интернет аркылуу коомчулукка тарап, талкууга алынып жаткан кантала Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жок. Мындай маалыматты бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев билдирди.

"Өлкө жарандары интернет аркылуу элге жайылып жаткан канталадан кооптонбошу керек. Анткени бул биздин аймакта жок. Бул деңиз жээктеринде байырлашы мүмкүн. Ал Казакстандын аймагында да кездешпейт", - деп билдирди Жээнбаев.

Академиянын зоологдору берген маалыматы боюнча, бул курт чакса, аары чаккандай ооруйт экенин билдиришкен.

Ал эми илимде бул кантала "суу канталасы" деп аталат, суудагы майда балыктар менен тамактанат. Алар тукумуна өзгөчө мамиле кылышат. Ургаачы кантала жумурткаларын эркектин канаттарынын үстүнө салат. Андыктан жумурткаларын көтөрүп жүргөн кантала кирпи сыяктуу көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kroxa
2017-05-17 19:15:10
Кудай сактасын..
+2
scorp
2017-05-17 19:20:31
журокту зыркырататко... колу чирип кеткенби???
+1
raykray
2017-05-17 19:21:27
мен коруп эле ишенген эмесмин
+1
Djal1987
2017-05-17 19:47:39
Итиркейинди келтирет го
+4
nazgulum
2017-05-17 19:50:12
Бул клоп эмеспи
0
star....
2017-05-17 20:05:34
тооба, кудай сактасын андайдан алыс эле бололу
+1
Medinaa
2017-05-17 20:14:27
Мынча жийиркеничтүү(
-1
simone
2017-05-17 21:38:46
Ушинтип денени түрү суук кылып гримдечү элего,ошондой элего
0
Ulan2601
2017-05-17 22:02:44
Аран эми унуттум эле
+3
altynka95
2017-05-17 22:15:40
Биринчи коргондо эки кун денем кычышкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан