Украина орусиялык социалдык тармактарга жана издөө системине санкцияларды киргизди

Украинанын бийлиги орусиялык компанияларга, анын ичине "ВКонтакте", "Одноклассники" социалдык тармактарына жана "Яндекс" издөө системине тыюу салды. Бул тууралуу буйрук өлкөнүн президентинин сайтында 15-майда жарыяланган.

Интернет-провайдерлерге аталган тармактарга, ABBYY электрондук сөздүгүнө жана "Касперский лабораториясынын" жана DrWeb компаниясынын сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн жабуу буйругу берилген. Буйрук Украина бийлигинин расмий гезити аны жарыялаган соң күчүнө кирет. Ошондой эле санкцияларга РБК, "ТВ Центр", ВГТРК, "НТВ Плюс", ТНТ жана "Звезда" телеканалдары да кирип калышы мүмкүн экенин жазышат чет элдик басылмалар.

Пётр Порошенконун буйругуна ылайык, "кара тизмеге" кирген адамдардын саны 1228ге, ал эми компаниялардыкы 468ге жеткен.

Украинанын Ички иштер министрлиги февраль айынын ортосунда эле орусиялык социалдык тармактарды жабууга чакырган. Алардын маалыматына ылайык, социалдык тармактар орусиялык атайын кызматтар менен көзөмөлдөнүп, башкарылат.

Англиялык Gemius аналитикалык компаниясынын билдиргени боюнча, "ВКонтакте" тармагын 5,4 миллион, "Одноклассникини" 3 миллион, ал эми "Фейсбукту" 2,1 миллион украиналыктар колдонушат. Орусиялык социалдык тармактар Киевдин чечими алардын ишмердүүлүгүнө зыянын тийгизбесин билдиришип, өзүлөрүнүн колдонуучуларынын кызыкчылыгын коргошорун кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Drongo
2017-05-17 19:57:40
Бул санкциядан Орусиянын кылы да кыйшайбайт.Орусияда миллиондоп украиндиктер иштеп,жашап кун коруп журушот.Эч бир кысым корбой.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан