Оштун милициясы Элдик курултайга тоскоол кылбагандыгын билдирди

Бүгүн, 17-майда Ош шаарынын милиция кызматкерлери "Байсан" ресторанында Элдик курултайды өткөрүүгө тоскоол кылган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, аталган ресторандын жанында Элдик курултайга жолтоо болууга аракет кылган адамдар башка түзүмдүн кызматкерлери болушу мүмкүн. “Ош ШИИБинин кызматкерлери андай тапшырманы аткарган эмес, бул ишке катыштыгы жок”, - деди Сыдыков.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-майда саат 10:00 чамасында Ошто башталган Элдик курултайга жарандык кийимчен милиция кызматкерлери жолтоо болууга аракет кылышканын катышуучулар кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан