Би-би-си телеканалынын алып баруучусу Бен Браун түз эфир маалында кыздын көкүрөгүн кармаган видеосу кеңири тарап, журналист сынга калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бен Браун түз эфирде саясий журналист Норман Смиттен комментарий алып жаткан. Күтүлбөгөн жерден алардын жанына бейтааныш кыз басып келип, камераны карап, бармагын көрсөтүп "накта фантастика" деген сөзүн айтып, жылмайган. Журналист аны камерага көрсөтпөө үчүн көкүрөгүнө колун коюп, четке түрткөн. Ызаланган кыз аны далысына чаап, кетип калган.
Окуя Англиянын Брэдфорд шаарында орун алган. Кийинчерээк Бен Браун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окуя кокустук экенин жазып, кечирим сураган.