Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 16-майда Сауд Арабия падышалыгынын Жидда шаарында өтүп жаткан Ислам Өнүктүрүү Банкынын 42-жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын алкагында Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саид Ага, араб экономикалык өнүгүү тармагы боюнча Кувейт Фондунун операциялык маселелер боюнча директору Марван Аль-Ганем жана ОПЕК фондунун өкүлү Фуад Аль-Базам менен жолукту.
Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз мамлекетинде 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясы иштелип жатканын айтып, анын алкагында бир топ ири экономикалык долбоорлор пландалып жатканын белгиледи.
Жолугушууда тараптар транспорт, энергетика, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду талкуулашты. Араб ишкерлери жогорудагы тармактар боюнча Фонддун планындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыздарын башкаруу стратегиясынын шарттарына ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн араб фонддорунун грант-элемент багыты боюнча үлүшүн жогорулатуу тууралуу суроо көтөрүлдү.