Андижанда балмуздакка уулангандардын саны 1500гө жетти

Андижандын Шахрихан районунда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишиге жетти. Эки жүз адам ооруканага жаткырылса, көпчүлүгүнө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу 17-майда өзбекстандык басылмалар жазышууда.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Шахрихандагы ооруканада 200дөй киши дарыланууда, бешөөнү жандандыруу бөлүмүнө которушту.

Анжиян облусундагы укук коргоо органдары уулангандар Шахрихандын борборундагы кафелердин биринен балмуздак жешкенин маалымдашты. Шаарга саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери баш болгон ак халатчандар келишти.

Иликтөөнүн жүрүшүндө балмуздак даярдоочу жайда санитардык нормалар сакталбагандыгы аныкталган.

"Идиш-аяктарды жууп-тазалоого жана балмуздак куймагын сактоого тийиштүү шарттар түзүлбөгөндүгү белгилүү болду. Дезинфекциялоочу каражаттар пайдаланылган эмес. Жеке ишкерде балмуздактын коопсуздугу кепилденген документи жок болгон. Балмуздак эскирүү мөөнөтү көрсөтүлбөгөн чийки заттардан даярдалган. Кафедеги 4 жумушчу медициналык текшерүүдөн өткөн эмес", - деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aruwka.89
2017-05-18 08:55:49
Сакелер аябай балит болот озу
+11
Muratmipa
2017-05-18 09:21:22
Aruwka.89,ошону айтсан исфанада суруун деген паркта кафеси бар шалык жеп олтурсам ичинен чымын чыгып журот кухнясыга кирсен коркосун
-4
Suzak12
2017-05-18 10:59:21
Muratmipa,Жалганды да окшоштуруп суйлосон шалык эмне?же шашлыкпы эгер шашлык болсо кантип эле чымын учуп кетет даже сага чала бышырып келгенде да чымын точна олуп калат
-2
Gena1
2017-05-18 14:36:36
Suzak12, "Чымын учуп журот" - деп жазылбаптыр ал жерде, а чымын чыгып журот деп жазылып турат, же чымын бар экен деген мааниде айткысы келген. (хотя олук же тирик деген соз жок эле, себеби жегенге даяр бышкан шашлык болуп атса ичинен олук чымын чыгаарын баары тушунот болуш керек деп жазган го).
+7
Izdeim_seni.
2017-05-18 09:11:38
Бизде деле толтура болуш керек мындайлар
+4
rejepova
2017-05-18 09:46:51
биздикилер Ноокенде болгон окуяны дагы деле аныктай алышкан жок, Окуучулар эмне себептен ууланганын айта алышпай,а булар аныктап койуптур эки кундо.
+14
raykray
2017-05-18 09:56:07
кудай сактасын алар балит биз эле аппак эмеспиз, биздеда морожно чыкты элего эски срогун очуруп жаны баскан,негизи эле акча деп олгону калды элдер, чийки продуктадан жасалса элестеткиле бышырылбаган сут(
+8
KG.Kushtarbek
2017-05-18 10:01:25
Кечее 300 элее
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан