КМШ өлкөлөрүнүн арасында Каракол шаарынын тоолору эс алуу үчүн мыкты деп табылды

ТурСтат аналитикалык агенттиги активдүү эс алуу үчүн 2017-жылдын КМШ өлкөлөрүндөгү эң белгилүү курортторун аныктады.

Тоодогу активдүү эс алууга треккинг (тоодогу жөө жүрүш), жиппинг (жол тандабас менен жүрүү), маунтинбайк (тоодо велосипед менен жүрүү), ошондой эле ат минүү, квадроцикл айдоо кирет.

Орусиялык туристтер үчүн КМШ өлкөлөрүнүн арасында Казакстан, Азербайжан, Армения, Кыргыз, Өзбекстан өлкөлөрүндөгү курорттордо эс алуу популярдуу.

Популярдуу тоо курортторунун алгачкы бештигине Шымбулак (Казакстан), Шахдаг (Азербайжан), Цахкадзор (Армения), Чимган (Өзбекстан) жана Каракол (Кыргыз) кирет. Рейтинг онлайн брондоо системинин маалыматын анализдөө менен чыгарылган. Агенттиктин маалыматына ылайык, тоо курортторуна туристтер орточо эсеп менен 7 күнгө эс алууну пландашат.

Аталган курорттордун арасында Каракол менен Чимганда эс алуу арзан, күнүнө 70 доллар (4700 сомдой) турат, ал эми эң кымбаты Шымбулакта - 100 доллар (6700 сомдой).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2017-05-18 23:43:14
Абдан жакшы!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан