Кыргыз жигити, медицина илимдеринин кандидаты, 32 жаштагы Мелис Толтоев Орусиянын Новосибирск шаары боюнча "Жылдын дарыгери" наамын алууга талапкер болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG`ге бүгүн, 18-майда билдирди. Жаш экенине карабай мындай наамга көрсөтүлгөнү жөнүндө мындай дейт:
Мекендешибиз жогоруда аталган шаардагы Татар райондук ооруканасында 2012-жылдан тарта улуу ординатор-хирург кесибин аркалап келет. Өзүнүн көп эмес жумуштук тажрыйбасында 40 илимий эмгектин автору, 3 ойлоп табуунун авторлошу катары эмгектерин патенттештирген.
2012-жылы ал Казань шаарында өткөн VI Бүткүл орусиялык жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциясында жасаган доклады үчүн I даражадагы дипломго ээ болгон.