Адистер: "Бишкекте бала бакчанын короосунан чыккан жыландар балдар үчүн кооптуу эмес"

Бишкек шаарынын Ленин районунун Киргизия айылындагы бала бакчанын короосунан чыккан жыландар балдарга кооптуу эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев билдирди.

"Биздин мекеменин адистери бала бакчага барып келишти. Кооптонууга негиз жок. Адамдардын аң сезиминде жылан дегенде коркуу сезими пайда болот. Бакчанын жетекчилиги балдарга зыяны тийбесин деп бизге билдирүү жиберишкен. Ал жыландар ошол аймакта туруктуу байырлайбы белгисиз. Ошол эле учурда бул жыландар уусу жок, кадимки сары жыландар экен", - деп билдирди Жээнбаев.

Эске салсак, 17-майда Ленин районунун Киргизия айылындагы бала бакчанын короосунан жыландар чыкканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Seryi-Kardinal
2017-05-18 10:21:44
sozsuz chakkanda zyian boluw kerekpi, korup alyp katuu chochup ketse da psihikasy jabyrkait da
+5
Drongo
2017-05-18 10:26:43
Ошондой эле болсун.Рахмат СуперИнфо .
-4
KGstan1981
2017-05-18 10:31:51
Зыяны жок деп оной эле кутулуп алыштыгоо.Жыланды коруп жаш балдардын журоктору дагын тушуп калышы мункун.
+7
Kok-zhal
2017-05-18 10:51:50
Ошол жыландан бирди алып зыяны жок деген адамдын койнуна салыш керек болчу, анан көрөт эле канчалык зыяндуу эмес экенин..
+10
betatek-2011
2017-05-18 11:25:55
Жыландар менен суйлошуп келишим тузупкелгенби ошондо....балдар капысынан тебелеп алса чочупкетип чагуу коркунучу бар!!!!!!
+6
admiral
2017-05-18 12:56:06
Кандайча кооптуу эмес?
+1
raykray
2017-05-18 13:11:19
куйуп кул болосун кандай ХХХ кесип ээлери бар эх(((
+4
tachkomur
2017-05-18 13:33:59
Сары жылан чакпайт чакса бирок кайтпайт деп ата бабаларыбыс айтып келген
+4
Tyty1990
2017-05-18 14:56:08
Болгону сары жылан,тиштеп эле койот бирок чакпайт.
+1
magnat1013
2017-05-18 16:45:31
ошол мекеменин ээси болушу мумкун, биздин уйдо бар эле, кундузу чыгып кунго какталып кечинде кирип ийинине кетет эле, биз коркпойт эле, тийишпейт да элек, апам уйдун ээси деп айткан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан