Жанар Акаев Венгриянын ЖОЖдору бөлгөн бекер орунга жалаӊ чиновниктердин балдары өткөнүн айтып чыкты

Венгриядан Кыргыз мамлекетинин 25 студентин акысыз окутуу келишими түзүлгөн. Бирок бул орундарга өкмөттө, Жогорку Кеңеште иштегендердин балдары өттү. Маалыматты 18-майда парламентте депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

Кыргыз абитуриенттерине 25 орун бөлүү келишими былтыр түзүлгөн.

"Келишим түзүлүп жатканда мен Жогорку Кеңеште таанышы барлардын, чоңдордун балдары кетпесин, билимге суусаган балдар өтсүн деп айттым эле. Сынак адилеттүү болсун дегем. Бирок жүздөгөн абитуриенттердин документтери белгисиз себептерден улам Венгрияга жиберилбей калган. Билим берүү жана илим министрлиги кандай сынак өткөргөнү белгисиз. 25 абитуриенттин документин жөнөткөн экен, алардын арасында өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн балдары кирип калган. Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, бөлүм башчысынын кызы, Жогорку Кеңештин депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин тизмеге кирип калганы табышмактуу. Мен чиновниктердин, депутаттардын балдары чет өлкөгө окубашы керек дегенден алысмын. Бирок башкаларга үлгү болуп балдарын ачык сынакка катыштырышы керек болчу. Ата-энеси чиновник эмес балдарыбыз толтура, алардын жолун буубай, келечегине тоскоол болбой жакшы шарт түзүп бериш керек", - деди Акаев.

Жанар Акаев: "Венгрияда окууга жалаң чиновниктердин балдары тандалган"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
KUMKA
2017-05-18 10:54:21
Моралдык жоопкерчиликке татрттсын.Жумушунан алынышы керек.Мекендештер талап кылалы ошол нерсени.Башка кайталанбашы учун.Жанар эгер сенде материладар фактылар бар болсо ачык жарыяла калганын эл озу талапа кылат.Кимдин балдары венгрияга кеткен болсо (эгер ата-энеси жогорку кызматта болсо) кызматынан кетсин!
+20
Aruwka.89
2017-05-18 11:04:39
Алар акчасы мн окутса болмок итак эле кыргыздын ырыскысын жеп журушот
+15
Artur555
2017-05-18 11:24:24
Молодец Ж.Акаев! Жаштардын жолуп бууп, ырыскысына чычып жаткан чиновниктер кетсин жумушунан, и так элдин ырыскысын 26 жылдан бери жэп жатышат. Тешип чыксын!
+14
Rasul_Rahmanaliev
2017-05-18 11:25:31
Оозу кыйшык болсо да,чиновниктин баласы окусун(((((
+5
Ajar812
2017-05-18 11:31:46
Эн туура маселени айтыптыр текшерип кимдин балдары болсо ата энесин жоопко тартыш керек
+8
Sofy
2017-05-18 11:36:11
К сожалению таких очень много. Обычные студенты об этом узнают после завершения экзамена. ПОэтому, стремительным студентам советую самим поискать таких программ в интернете т.к университеты обьявляют о грантах в интернете, даже если наши не обьявляют. После получения информации пойти экзаменаторам и требовать об участии
+2
kenjebek_a
2017-05-18 11:41:05
Эми бул кудайдан да коркпогон ХХХ Бекер окууга карапайым элдин балдары эле барса болот да.Ансыз деле чондун балдарынын​ суроттору турат интернетте,кимдин баласы кайсы олкодо тайрандап жатканы.Булар бир жолу эле кудай болуп алды.Машина менен уруп кетип олтургон балдары деле журот кылы кыйшайбай.Ал турсун аталары бийликте олтурат депутат лидер партии болуп.Жанар азаматсын карапайым элден чыкканын билинип турат дайыма.Эми бааарынын тизмесин билим берууминистрлиги берсин.
+8
mratbashy
2017-05-18 11:48:30
Азамат жанар акаев
+10
kuba502
2017-05-18 12:35:27
Жанар эң туура маселе көтөрдүң .Убагында 21-кылымдын кадрлары программасы менен да канча чиновниктин баласы бекер окуду.Кана жыйынтык чыкканы
+3
dosym
2017-05-18 13:23:57
Ушул сөздү айтып чыкканы үчүн рахмат, бул үчүн өтө чоң саясий эрк керек
+6
Best.bakyt
2017-05-18 15:06:25
Азамат ушул жигит тайманбастыгы жагат. Чындыкты бетке айтуудан коркпойт. Келечектеги президент деп тааныйм ушул жигитти.
+1
nazira...
2017-05-18 15:48:19
Туура соз, ошон учун онукпойбуз да. Оз кучу менен откон кадырдан бир нерсе кутсо болот, а ата-энесинин кучу менен откондон пайда жок.
+2
mirkaa5182
2017-05-18 15:56:22
Жанар азамат, ушундай принцибиңен, реалдуулугуңан жазбай жүрө бер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан