КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бүтүрүү кечелерин кафеде өткөрүүгө уруксат берүүнү бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында сунуштады.
Ал билдиргендей, көптөн бери бүтүрүү кечесине тыюу салынганы менен, кечелер баары бир өткөрүлүп жатат.
“Ошондуктан уруксат берилиши керек. Тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлерин тартуу керек. Алар менен мектептин директорлору келишим түзүп иштеши зарыл. Мына ошондо коопсуздук сакталат. Тыюу салуу эч нерсеге алып келбейт. Мектеп бүтүрүүчүлөрү мас болуп машина айдашып, жол кырсыктары катталышы мүмкүн”, - деди ал.