Аида Касымалиева: "Кытайдан арзан каруселдерди алып келип, балдардын коопсуздугун бизнеске айлантканды токтотуу зарыл"

Бүгүн, 18-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева 1-июнь - Балдарды коргоо күнүн майрамдагандан уялуу керек экенин билдирди.

Эл өкүлү учурда балдардын абалы оор экенин, жер титирөөдөн көз жумгандарды, наристелерди белгилеп өттү. Ошону менен катар эле депутат өлкөнүн бардык парктарындагы аттракциондордун абалын текшерүүнү сунуштады.

"Ош шаарында Навои паркында аттракцион кулап түшүп 8 адам жабыркады. Алардын бирөөсүнүн абалы дагы деле оор бойдон калууда. Аттракциондорду көзөмөлгө алуу боюнча ата-энелер мага кайрылып жатышат. Бул окуя боюнча бир дагы мамлекеттик орган өзүнө жоопкерчилик алган жок. Оштогу техникалык коопсуздук инспекциясынын жетекчиси бул боюнча алар текшербей турганын айтып маек бериптир. Ал сейил багындагы дарактарды текшере турганын айткан. Сейил бакты ижарага алган адам ММКларга интервью бергенден качып жатат. Ушул жерден суроо туулуп жатат. Негизи ким жоопкерчиликти алып, ким аттракциондорду текшериш керек? Текшерүү убактысы келип жетти. Анткени Кытайдан же башка жактан арзанына карап каруселдерди алып келип жатышат. Балдардын коопсуздугун бизнеске айлантканды токтотуу зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nurbol
2017-05-18 11:55:15
Ошону кулап туш тушкучо айтпайт беленер, кулап буткондон кийин баатыр болуп айтпай
+7
manas93kg
2017-05-18 12:09:02
Андай чырай создорду биз деле айта алабыз туштон кийин. Аны алдын ала ойлош керек биз силерди ошол учун шайлаганбыз.
+6
Mers124
2017-05-18 12:19:32
Жогоруда жазган комментчилер, эркек болгулачы. Аялдын ар бир сөзүнө кийлигишпей,
-4
Miroslav
2017-05-18 12:28:02
Кытайдан эмес ал Союздан калган карусел болчу.Эптеп сенда сесяда суйлоп койупсунда камера учун.
+6
Izdeim_seni.
2017-05-18 13:00:12
Miroslav,сеся деп шумдук айттын го. Сессия
-5
kenjebek_a
2017-05-18 14:12:07
Бул кызыке(балакай дегендей)билбейт окшойт Ошто жылдын кошаматчысы деген наамды алган киши бар экенин.Оштун губернатору,Мери ЭЗДИБУКА деген партиядан.Андай маселени козгобо кокуй атан кантип депутат болгонунду айтып кейибесин.
+1
nazira...
2017-05-18 15:39:35
kenjebek_a, хаха, тимеле жайлап жазыпсын го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан