ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: Эл аралык музейлер күнү

Бүгүн, 18-май, дүйнө коомчулугу Музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет. Музейлерге атайын камкордук көрүү зарылчылыгы туурасындагы маселе Советтер Союзунда да көтөрүлүп, ал дүйнө коомчулугунун колдоосуна арзыган.

Кыргызда бул майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу белгиленип, андан бери музейлерди көрктөндүрүү жана сапатын арттыруу багытында атайын иш-чаралар жасалып келет.

Майрам күнү дүйнө боюнча музейлер каалоочулардын баарына эшиктерин ачышат, жаңы экспозицияларды даярдап, лекцияларды, экскурсияларды өткөрүшөт. Акыркы жылдары "Музейдеги түн" фестивалы күч алды. Белгилей кетсек, 20-майда борбор калаада да аталган иш-чара өтөт.

18-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан