Кара-Кулжа дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, дамбаны жарып кетүү коркунучу жаралууда

Кара-Кулжа районунда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, дамбаны жарып кетүү коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"17-май күнү Кара-Кулжа дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада 1-Май айылынын Булбул чегинде 2011-жылы “Империя групп” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган 740 метр коргоочу дамбанын 50 метр аралыгы бузулган. Ошондой эле дамбаны жырып кетүү коркунучу пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 6 техника, Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылды", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан