Бүгүн, 18-майда Бишкекте күйүп жаткан тигүүчү цехтин чатыры толук өчүрүлдү. ӨКМнын SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Айта кетсек, өрт кырсыгы тууралуу маалымат таңкы саат 04:30 чамасында келип түшкөн. Анда Чолпон-Ата көчөсүндөгү тигүүчү цехте өрт чыкканы айтылган. Тилсиз жоо чыккан жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барган.
"Саат 05:50дө өрт чектөөгө алынды. Өрттүн кесепетинен цехтин 400 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Жабыркагандар жок", - деп билдиришкен ӨКМдан.