ЭЛДИК КАБАР: Аксы районундагы Кой-Таш айылында жамгыр жаап сел жүрүп, сарайлардын чатырларын шамал учурду

Кечээ, 17-майда саат 14:29 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Кой-Таш айылында сел жүрүп, катуу шамал болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"2 саатка жакын тынбай жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жолдун кыртышын жараксыз абалга келтирди. Ал эми катуу шамал мал сарай, дүкөндөрдүн чатырларын туш тарапка учуруп, жаңгак багын кулатты. Бактыга жараша, ал тамдын үстүнө кулаган жок. Учурда каттам токтоп, жол тандабас унаалар араң жүрүүдө", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан