"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Лейлектин Кулунду айылындагы сайдын аңга айланышына эл өзү күнөөлүү" дейт аким

"Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы сайдын аңга айланышына эл өзү күнөөлүү", - деп бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына аталган райондун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

"Мындан эки жыл мурун катуу жаандан улам көпүрөнү, сайларды сел алып кеткен. Бул Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүнө көпүрө салуу боюнча 8 миллион сомдук долбоор түзүлүп, жакында иш башталганы турат. Эми аңга айланган сай боюнча айтсам, сай деген Кудайдын сайы, аларды эч ким сайдын жээгине жакын жашагыла деген жок. Сайдын аңга айланышына ошол жердеги жашоочулар өздөрү күнөөлүү, себеби чарбагын сугарган суу жеп кеткен. Элдер азыр Өзгөндөгү, Алайдагы кырсык окуяларын угуп алып эле бизге да көңүл бурса экен деп жатышат. Дагы бир жолу айтам, Кулундуда эч кандай кооптуулук жок", - деди райондун акими.

Ал эми Кулунду айылынын жашоочусу Чыныгүл Эрматова жазгы жаандардан дагы сел кайталанбайбы деп кооптонгонун SUPER.KG'ге айтты.

"Чарбактын дубалдарына аң жакындап калган үй - менин эжемдин үйү. Былтыр жазында сел келип ушундай кооптуу жагдай жаратып кеткен. Ал жерде эки үй бар, азыр коркунучта турат. Эки күндөн бери радио-теледен аба ырайы бузулат десе эле кайра коркуп жатабыз. Жергиликтүү бийликке айтсак, былтыртан бери биздин үнүбүздү укпай жатышат", - деди айыл тургуну.

Айта кетсек, "Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүнүн жолу жок болуп, жергиликтүү тургундардын үйлөрү коркунучта турат", - деген кабарды сүрөттөрү менен окурман SUPER.KG порталына жөнөткөн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Artur555
2017-05-18 13:52:59
Ооба эл кунолуу. Элге шылтап эле кутулуп кнтишет биздин чондор. Иштебесенер анда кеткиле жумуштан бошоп.
+4
Guji
2017-05-18 14:03:36
Оа элге күнөөнү коюп эле олтура бергиле аракет кылбай.Эл эмне кылат экенин эми көрөсүнөргө боло берет экен деп атасынар аа
+4
dina1983-19
2017-05-18 14:08:24
Аларды бироо сайга жакын жаша депби деген сөзүн кара акимдин сабатсыз адамдын сөзүго бул.
+13
Riokyrgyz
2017-05-18 14:17:45
Акимдин бир созу туура экен,чынында кооптуулук жоктойикорунот,качан эое ан алгандай корунот.Олкобуздо коптогон озгочо кырдаал болуп жатканда ушундай майда барат нерселер менен арызданбай турсак.
-10
kirgizstan
2017-05-18 14:31:35
Riokyrgyz,качаан басып калганда же кулап калганда арызданыш керекпи.
Сайга жакын жаша деппи, бул эмне деген жооп
+11
Adidas_91
2017-05-18 14:49:09
Элдин камын ойлобосоң ХХХ аким болуп олтурасыңбы убагында элдер сага ишенип аким кылып койгон эми иштегенге келгенде элдер өзү күнөөлү деп сага окшогон акимдерди 45 размердеги батинканы кийип алага тебе бериш керек тебе бериш керек уяты жок десе. Элди күнөөлөп акчаны жеп, курсагың жарылгыр.ХХХ
+9
arena2014
2017-05-18 15:04:39
Adidas_91,ха ха ха дал ошондой кылыш керек болгондо кана)))
+4
Patriot7
2017-05-18 15:24:41
Сыныктан башкасы жугуштуу деген кеп туура окшойт. БИРООЛОРДУ коруп башка аким-чиновник-депутаттар да миллиондоп доо арыз ондурууго тушту, ким сындаса коркутуп... Кырсык болуп эл башына каран кун тушсо, элге жардам беруунун ордуна элдин озун кунооломой башталды...

Элди куноологучо ошол сайдын жээктерин бекемдесе болбойбу же коопсуз жерден участка болуп берип жаны там салып кочууго жардам берсе болбойбу?!
Эртен дагы ондоп омурлор кыйылса "эскерткенбиз" деп кутуласынар
+2
nurik903
2017-05-18 14:53:29
ха хаа озунун арабаны озун тарт
0
Izdeim_seni.
2017-05-18 15:31:00
Жаан жааса да эл кунолуу
0
omuke8993
2017-05-18 16:26:30
Боке Коке деп койот бул кишини жогорку билими деле жок бул акимде
+2
Guji
2017-05-18 16:35:21
Чынында аким ондойтуп койсо не болуп тим эле ошонун чөнтөгүнөн акча кетип аткансып мамлекеттен кететко туурабы зато ооо биздин аким кылды дешет элего
+1
butun.kg
2017-05-18 17:27:16
Барып коруп чечим чыгарса болотко. Корбой туруп,эл мн суйлошпой жооп берген. Иштейм деген жаштар да аз эмес. Чындык качан орнойт???
+2
omu
2017-05-18 19:41:17
Бул райондун акими, бир жолу границаны жаап салганда, элдер чогулуп, эми орукту каяка откоробуз десе, озунор жегиле деген...
+1
tolkun9090
2017-05-19 00:42:06
Бул эски суроттор го,азыркы абалы мындан да начар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан