Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына жарандык активисттер жол кырсыгынын саны өсүп жатканына байланыштуу митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, митингге келип-кеткендердин саны 50гө чукул болду.
"Жол кырсыгынан каза болгондордун саны күн санап өсүп жатат. Ошого каршы экенибизди айтып, бийлик жана башка мамлекеттик органдардан тез аранын ичинде чара көрүүсүн талап кылдык. Бизге Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы келип, ортобузда абдан жакшы конструктивдүү сүйлөшүү болду. Биз бийлик органдары менен биргеликте ушул маселени чечүү жолдорун издейбиз деген чечимге келдик. Кийинки жумада ушул маселеге арналган чоң жыйын өтөт. Жыйынга мамлекеттик органдын, жарандык коомдун өкүлдөрү келип өздөрүнүн сунуштарын айтышып, талкуу болот", - деди активист.