Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Кой-Таш айылында чоң кыйроолор болбогонун бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына аталган айылдын башчысы Жылдыз Осмонова билдирди.
"Кечээ бизде катуу шамал болуп, сел жүрдү. Шамалдын кесепетинен 2 мал сарайдын чатыры учуп кеткен. Аларды куруучулар ичке жыгачтарга кагып коюшкан. Ошондуктан чатырлар шамалга туруштук бере албай калышкан. Ал эми селден улам агып келген майда таштарды айыл тургундары өздөрү демилге көтөрүп тазалап жатышат. Анткени көп көлөмдө эмес. Күн ачылса атайын техника менен ички жолдорду тегиздейбиз. Учурда жол каттам ачык", - деп билдирди Осмонова.
Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" "сел жүрүп, жол каттамы жабылып калды" деп билдирген.