Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 18-майда Венгриядан Кыргыз мамлекетинин 25 студентине акысыз окутуу келишими түзүлгөнүн, бирок бул орундарга өкмөттө, Жогорку Кеңеште иштегендердин балдары өткөнүн айткан. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Венгрия жана Кыргыз өлкөсүнүн макулдашуусу менен венгриялык тарап 2017-2018-окуу жылдарында аталган өлкөдөгү окуу жайлардан Кыргыз жарандары үчүн 25 орун берген. Анын ичинен 10 орун бакалавр, 10 орун магистратура, ал эми бешөө докторантура даражасы үчүн болгон. Ал үчүн сынак жарыяланып, маалымат министрликтин жана маалымат агенттиктердин сайттарына жайгаштырылган. Венгриядагы окуу жайларда билим алууга көрсөтүлгөн Кыргыз жарандары министрликтин буйругу менен түзүлгөн уюштуруу комитети тарабынан тандалып алынган".
Министрликтин билдиргенине караганда, комитет Темпус билим берүү программасына онлайн-режимде катталып, документтерин тапшырган талапкерлердин гана документтерин кабыл алган. Аталган комитеттин курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде "Патриот KG" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү болгон. Алар бакалаврга 65, магистратурага 50, докторантурага 3 кишинин документин, жалпысынан 118 Кыргыз жаранынын документтерин кабыл алган. Алардын ичинен 23 адам (магистратурага 10, бакалаврга 10, докторантурага 3) тандалып алынган.
"Билим берүү жана илим министрлиги тандоонун биринчи турун өткөрдү. Экинчи тур Венгрия тарабынан өткөрүлөт. Ушул жылдын июнь айында Венгриядагы жогорку окуу жайлар 2-турга өткөн сынактын катышуучуларынан онлайн-режимде экзамен кабыл алышат. Мындан сырткары "StipendiumHungarium" деп аталган стипендиялык программанын талаптарына ылайык, уюштуруу комитети 5 талапкерден турган резервдик тизмени түздү", - деп айтылат маалыматта.