Бишкек шаарында жаз мезгилинин соңку жумалары жамгырлуу болууда. Жамгыр эки күн бою бирде токтоп, бирде жаап жашоочуларды кол чатыр менен жүрүүгө аргасыз кылды. Демейде күндүн ысыгында эс алуучуларга толгон сейил бактарда орундуктар бош.
Жамгырлуу күндө борбор калаанын көчөлөрүндө жүргөндөрдүн саны аз, бирок ошол эле учурда бир чатыр алдында сейилдеген жаштарды, жамгырда сейилдөөнү жактыргандарды да кезиктирүүгө болот.
"Жаандын жаашын илгери ата-бабалар ырыскы, берекенин жаашы деп айтышчу. Эки күндөн бери жааган жамгыр мага аябай жагып жатат. Мен өзүм күч түзүмдөрүндө иштеген ардагер кызматкермин. Кээде бош убакта жамгырлуу күндө мээ сергитип эс алганды жакшы көрөм. Албетте, ашыкча көлөмдө жааган жаандан улам болуучу апааттардан элибиз алыс болсун", - деди шаар тургуну Улан Исмендеев.