Өлкөдөгү 1618 энеге “Баатыр эне” ордени ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-майда кол койду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, алты баланы төрөп, өстүрүп, тарбия берген 551 энеге “Эне даңкы” медалы берилет.
2016-жылы Энелер күнүн белгилөө алдында жети жана андан көп балалуу 1902 эне "Баатыр эне" ордени менен, 6 балалуу 437 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.