Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 28 миң 500 сом акча каражаты ишкерлерден негизсиз чогултулганы аныкталган. Мындан улам чогултулган материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, Сузак РИИБинин башчысын кызматтан алуу сунушу ИИМге жиберилген болчу.
Бул тууралуу Сузак РИИБинин башчысы Нурбек Сыдыковго байланышканыбызда, ал ага коюлган дооматтар боюнча сотко кайрыларын билдирди.
"Мен булар менен соттошом. Мага жалган жалаа коюп жатышат. Азыр кан басымым көтөрүлүп ооруканада жатам. Кимдир бирөөлөргө менин кызмат ордум гана керек. Мага коюлган дооматтардын баары жалаа. Азыр жаңы эле иш боюнча атайын жактоочу жалдап, мага коюлган дооматтар боюнча сотко кайрылайын деп турам. Бул иштердин артында Жалал-Абад ОИИБинин башчысы өзү турат", - деди Сыдыков.