Тажикстанда антын бузган аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышат

Тажикстанда антын бузган аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык,Тажикстанда президентке ак кызмат өтөөнү убада кылган аткаминерлер антын бузушса, жоопкерчиликке тартылары айтылган. Аткаминерлер жана алардын үй-бүлөлөрү жыл сайын киреше жана мүлкү тууралуу декларация тапшырууга милдеттендирилген.

Өткөн жылы июль айында президент Эмомали Рахмон өкмөт жана парламент мүчөлөрү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, өкмөт мүчөлөрү Конституцияны, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Тажикстан президентинин жарлыктарын аткарууга, калыстык жана мыйзамдуулук принциптерин карманууга, эл аралык деңгээлде өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатуу максатында ак кызмат өтөөгө ант беришкен.

Депутаттар элге ишенимдүү кызмат кылабыз деп убада беришкен. Анттын текстин тажик президенти Эмомали Рахмон өзү жазган. Бирок мыйзамда антты бузуунун жоопкерчилиги каралган эместиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kenjebek_a
2017-05-18 20:07:38
Кыргызстанда берген антын бузган атка минерлер сыйланат.
+2
mederkg
2017-05-18 20:10:02
Биздин атка минерлерди анты бузган мн айыптас баардыгы орукчан болуп чыгат бир д солугу жакшысы чыкбаса керек
+2
Azatbek83
2017-05-19 02:04:33
Атанбаев артиста баш болуп ХХХ минерлер антты бузуп салышкан.Конститутсяны да мен эки экс президенттен кем каламбы деп озгортуп салдыго.Пайдасы жок иштерди жасашат оздорунун пайдасына иштешишет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан