Бүгүн, 18-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапар алкагында айыл чарба объекттеринин курулушу жана ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кочкор райондук администрациянын башчысы Нурлан Керимкулов маалымдагандай, мал союучу цехтин имаратынын курулушу түрк технологиясы боюнча жүргүзүлүүдө жана өз ичине лаборатория, карантиндик борбор жаныбарларды тоюттандыруу боюнча цехти камтыйт.
2017-жылдын аягына чейин ата мекендик этти чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берүүчү эл аралык үлгүдөгү сертификатты алуу пландаштырылууда. Курулушка тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 22 миллион сомду түзгөн. Мал союучу цехтин ишке кирүүсү менен күнүнө 20 баш ири мүйүздүү жана майда мал-жандыктарын союуга жетишүү күтүлүүдө.
Өкмөт башчы эл аралык стандарттарга шайкеш келген мал союучу мекемелерди куруу – ЕАЭБ рыногунда ата мекендик фермерлерге түзүлгөн эң бир мыкты шарттардын бири экендигин билдирди.
Андан ары өкмөт башчы Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мал чарбачылыгы айыл чарба тармагындагы негизги тармактардын бири, андыктан ушул сыяктуу ветеринардык клиникаларды республиканын бардык облустарында кеңейтүү керек.