Ош шаарында Энелер күнүнө арналган майрамдык салтанатта 1000ге жакын энелерге белектер тапшырылды

Ош шаарында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмерлер катышты. Салтанаттын жүрүшүндө калаа башчысы энелерди куттуктады.

"Майрамдык салтанатта 1000ге жакын энелерге баалуу белектер тапшырылды. Энелердин урматына атайын ыр, бий уюштурулуп, эстрада ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан