ЭЛДИК КАБАР: "Жайыл районундагы мугалимдерден жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга милдеттүү түрдө каражат чогултушууда" дейт окурман

Жайыл районундагы Сосновка айылынын мектебинде иштеген мугалимдерден Чоң-Алай, Өзгөн райондорундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга милдеттүү түрдө акча чогултулганын бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.

"Мектеп мугалимдеринен буга чейин Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандарга милдеттүү түрдө 50 сомдон чогултушкан. Эми Чоң-Алайдагы кырсыктан жабыркагандарга "20 сомдон бергиле" деп чогултуп алышты. Деги бул баш аламандыкты токтото турчу мыйзам барбы? Бир нерсе болсо эле, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы "Алик Гасановго өзүң бар" деп, коркутуп калышат. 20-50 сомдон кемип кетпейбиз, бирок ушул акчаны да бере албагандар бар. Керек болсо, динде да жардамды өзүңдөн ашкан күндө гана берүү керектиги жазылган", - дейт окурман.

Ошондой эле окурман Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы авиакырсыктан жабыркагандарга, согуштун ардагерлерине да каражат чогултулганын кошумчалап, мындай аракеттер бир гана Сосновка айылында эмес, район боюнча болуп жатканын айтты.

"Чоң-Алайдагы жер көчкүгө" деп жазып коюшкан, Чоң-Алайда жер титирегенин да билишпейт", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
sarbo
2017-05-18 17:41:07
жаныбыздын кайыры,20-30сомду унчукпай эле коелу,бир жазуучунун туулган кунуго деп 100сомдон чогултканбыз,
+2
Nasichat
2017-05-18 17:45:56
Ээ тууганым бул гумжардамдын аты кырсыктан жабыркагандарга, а бара турган жери Ашанын кара куржунуна. Ушундан коро Аша тойсо кетет, коп тукурсо кол болот, кичине жетпей жатат деп жазып коюшса, чын айтам аянбай чогултат элек. Кыргыздын шоруна буткон балаккаттан кутулалы деп.
+3
Asyl.jazi
2017-05-18 17:52:22
Биз авиякырсыкка деп 100 сомдон, Озгондогу жер кочкуго деп 100 сомдон жыйнап бердик. 47 мугалим иштейт. Авиа кырсыкка канча сомдон бергенин билдик го. Сообу тийсин.
0
Adil706070
2017-05-18 18:08:17
Мамлекет элге жардам бергендин ордуна,карапайым элден умут кылып,кайырчыдан бетер элди тиктеп отурат.
Уялбайсынарбы элди жарытылуу жумуш менен камсыз кылбаган сон.
Авиакырсыка мамлекеттик ишкерлерди мажбурлагандай эле болду 1кундук эмгек маянанарды которгула деп.жардам берген жакшы иш сооп табасын.бирок бийлик мамлекеттик ишкерлерди мажбурлап кыйнабаса
+4
Adil706070
2017-05-18 18:10:12
Ар ким колунан келишинче оз ыктыяры менен бергени туура болор.
+2
Jazdyn_tany
2017-05-18 18:28:00
20 сом эле экен го. Башка учурда 400-500 сомдон алышат
0
Seryi-Kardinal
2017-05-18 18:40:16
20 сомдон жөн эле берип койгула да,ишиңер бар экен иштеп аткан. Канчалаган адамдар иш таппай кыйналып жүрүшөт
-1
Kulatov
2017-05-18 20:34:08
Seryi-Kardinal,төө десе бээ дегендей эле болуп атасын беребиз бирок ошол акчалар жабыркагандарга жетпей жатпайбы
+1
ice87
2017-05-18 19:26:33
300 сомдон билет беришет,баргын келбеген концертке.Барбасан да толойсун.
+2
kgstan2014
2017-05-18 20:02:45
Кагылайын калкым мындай кырсыктар баарыбыздын башыбызга келиши мумкун бири бирибизге ушундайда жардам бербесек кантип бир эл боло алабыз.Тамчыдан кол куралат дейт сиздин 20 сомунуз кырсыка кабылгандар учун 2000 минге барабар болуп жаткандыр. Болгону ушул чогулган акча оз дарегине жетип калыс болунсо туура болот
+1
mashirapova
2017-05-19 13:11:18
kgstan2014,ошол акча жетеби деген суроо кыйнат эмне болсо эле мугалимдердин айлыгынан кармайт элестет Кыргызстанда канча мугалим иштейт
0
Kulatov
2017-05-18 20:28:23
Аларга го 20сомдон экен бизде бир күндүк айлык акыбызды алып жатат ушул акчалар жабыркагандардын өздөрүнө тийсе жакшы бир чоңдун чонтогүно түшүп жатат
+2
Bema74
2017-05-19 07:33:59
Кырсыктарга мейли башы-козубуздон садага, аттуу-баштуу артисттердин концерттерине билетке деп 200-250сомдон чогултушуп балээ болуп жатышат. Жакында Саламат эжебиздин концертине деп алышты, ушинтип билет саттыртышканы учун атактуу болсо деле биз мугалимдер жек коруп калуудабыз
0
mashirapova
2017-05-19 13:09:32
Bema74,туура айтасыз артистерда кыйнады бизди эмне болсо эле мугалимдерге келет
0
mashirapova
2017-05-19 13:07:40
Биз 100сомдон жыйнап бердик 95 мугалим иштейт Аюсайга жетипби экен деп ойлоп калам
0
kgstan2014
2017-05-19 19:40:59
Эмнеси болсо да колубуздан келген жардамыбызды учурдагы кыйналып турган элибизден аябайылы элдин жардамын элге толук жеткирбеген болсо качандыр бир кун жеп койгондуктары учун эл алдында болбосо да жараткан Алла алдында жооп берет!
0
iasin
2017-05-20 21:08:36
Берели дейбиз.. Бирок өз дарегине оңчулукта жетпей калчудай көрүп калдык. Дача.суудагы чогулган акча бизге терс үлгү көрсөттү десем жаңылышпайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан