ЭЛДИК КАБАР: Орусиянын Уссурийск шаарындагы кыргыздар Африканын тургундарына суу чыгарып беришти

Орусиянын Уссурийск шаарындагы кыргыздар Африканын тургундарына суу чыгарып беришти. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Кыргыздар суу чыгаруу үчүн каражатты 1 ай мурун чогултуп жибергенбиз. Эми сууга муктаж болгон тургундар суу менен камсыз болушту", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Tyty1990
2017-05-18 19:07:42
Эң жакшы иш.
+10
Adil706070
2017-05-18 19:08:55
Аллах ыраазы болсун, жардам берип кол сунгандардан.Алыста жургон туугандардын иштерине ийгилик, тапканына береке берсин.
+11
Бектурган
2017-05-18 19:44:43
Кайсыл өлкөдө экенин да тактап, жазып койнулачы супер.инфо???...
+2
dina1983-19
2017-05-18 20:32:09
Бул кабар башта (мурда) да бир чыкканбы эле же башкабы.
0
surgeon777
2017-05-18 21:39:48
dina1983-19,ооба,мен билгени бул кабардын чыкканына жарым жылдан ашты окшойт.
0
kamchatka
2017-05-18 20:38:23
Усурийск Владивасток шаарындагы шаар.
0
akil.91
2017-05-18 21:09:17
Ушундай иштерде реклама керек. Ошентип таанылат да. А так кыргыз элибизде коп эле кайрымдуулар бар!!!
0
surgeon777
2017-05-18 21:21:53
Канча адамдын омуру сакталат келечекте,азаматтар!
Ушундай жакшы иштерди,кайрымдуулук иштерин коп кылсак,ынтымакта болсок Алла Таалам деле колдоп,жамандык азаят эле,ушунун баардыгы ынтымактын,эмгектин,мээрбандыктын алкагында жасалып жатат эмеспи,демек улгу алалы туугандар!)
Жогоруда жазылгандай "реклама" керек,жакшы иш коп айтылса,адам ошого ыктайт,андыктан жакшы иштерге ундогуло демекчимин массалык маалымат каражаттарын,ансыз деле сасык саясатты,аларды кайраштыруу,кырсык ж.
+2
molorbaev
2017-05-18 22:14:14
Жакшы жанылык. Уссурийскте туруп, жер шарынын дээрлик ары жагында турган Африкага кол сунуп, жардам кылып жаткан мекендештерге ыраазычылык! Бар болгула!
+3
Bahira
2017-05-18 22:55:57
Окуп алып ыйлагым келди чынында,Аллах ыраазы болсун мусулман бир туугандарым,,,,,байкуштар суу ичкен сайын дуа кылышат экенда
+2
surgeon777
2017-05-18 23:49:30
мунун видеосу да бар
0
Azatbek83
2017-05-19 01:08:35
Кыргызстанды унутпагыла Баардык соопчулук ишти оз олкобуздон баштайлык.Биздеда кыйынчылыкта жашагандар бар.Андан кийин калганына жардам берелик.
+1
ayjan_90
2017-05-19 05:19:53
Бул Россия эмес эле Африка го биринчи жолу угушум
+1
nurbekasr
2017-05-19 05:42:58
Россиянан Уссуриск жеринен Африкага барып суу чыгарып берсе чоң сооп иш кылыптыр.Бирок Кыргызстанда да ичүүчү сууга жетбегендер бар,ошондой айылдарга да жардам беришсе.
0
Rusi79
2017-05-19 10:10:04
Озубуздо да сууну 10-15км жерден ташып ичкен айылдар бар,соопту алыстан издебе алдында толуп жатат,коп айылда таза суу жок,жолдорубуз эптемей,кээ бир ооруканага кирсен соо адам ооруп каласын,Негизинен баракелде балдардын кылган иштерине
0
KUMKA
2017-05-19 11:36:48
Арабдын шейхтери ырчы кыздардын кокурогуна акча кыстарып,тоо жарыштырып ойноп журушот. Арабдар, дуйно эли соопчулук иштерин Кыргызымдан уйронсун.Кыргыз бололу,анткени дилибиз таза элбиз.

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан