SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайтпай кеткен сүйүүң кайрылып келсе эмне кылар элең?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кечирбейт элем. Убагында ыйлатып, таштап кеткен адамды кантип кечирүүгө болот?! "Өлдүм-күйдүм" десе да мага баары бир".
"Эх, убагында баалабаган адамыма кайтып баргым келет, бирок кеч болгонун билем. Кечирсе да, кабыл албаса керек деп ойлойм".
"Мурунку сүйүүмдүн кайтып келишин каалабайт элем. Биз урушуп-талашпай эле сый менен гана коштошконбуз. Ал кайрылып келген күндө деле кабыл ала албайм. Менин сезимимде кандай жакшы адам болсо, ошондой боюнча сакталуусун каалайм. Жакында эле үйлөнгөн, тынч гана жашоосу улансын".
"Албетте, адам баласы болгондон кийин кечиримдүү болгону жакшы. Эгерде кайтып келсе, мен кабыл алам. Анткени менин жашоого, сүйүүгө болгон көз карашымды өзгөрткөн адамды эч качан унута албайм. Азыр турмуш жолуна кадам таштай элек учурум. Үй-бүлөм болбогон үчүн кечирип, жүрөгүмдүн каалоосун аткармакмын. Бул дүйнөдө өз каалооң менен өмүр сүргөнүң жакшы эмеспи. Жүрөктүн буйругун да тыңшап койгонуң да дурус".
"Дайынын билгизбей 3-4 ай жоголуп кайра пайда болгондо көңүлүм аябай калып калганын сездим. Тааныбаган адам болуп басып кеткем, азыр интернеттен жазып калат. "Ырас эле жоголуп кетиптирсиң, азыр бактылуумун, сүйгөн жолдошум, томпошка балам бар" деп рахматымды айткам".
"Мага кайрылып келсе кечирмекмин. Турмушка чыга элекмин, ал башкага үйлөнүп алган, бирок келсе кечирем. Себеби мен аны сүйөм жана түшүнүп, жүрөгүмө кулак салып кечирем. Ал үй-бүлөлүү болсо да, кээде сүйлөшүп турабыз. Андан башканы сүйө албай жатам, арадан 3 жыл өтсө да унута албай кыйналып келем".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.