Айылдык кеңештин депутаты: "Аравандагы токойду жеке ишкер талкалап жатат. Эртеңки муунга чаңы сапырылган жерди калтырабызбы?"

Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Кош-Мойнок жайлоосун жеке ишкер талкалап жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Аскарбек Акматов билдирди.

"Кош-Мойнок жайлоосунда жеке ишкер мыйзамсыз мрамор таштарын алуу үчүн токойдогу бадалдарды талкалап, жол салып жатат. Таш алуучу жерге жеткенче арча токою талкаланып жок болот. Биз эртеңки келечек муунга чаңы сапырылган жерди калтырып беребизби?

Бул боюнча Араван районунун акимине, райондук прокуратурага, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарына жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын райондук бөлүмүнө кат аркылуу кайрылганбыз. Эч кандай аракеттер көрүлбөй жатат. Ошондуктан массалык маалымат каражаттарына кайрылып жатабыз", - деп билдирди Акматов.

Аскарбек Акматовдун айтымында, учурда жайлоодо кубаттуу техникалар казуу иштери жүргүзүлүп, кайың, тал, терек, арча дарактары кыйылууда. Тийиштүү тараптарга жиберилген кайрылуу катка айыл элинин атынан 10 адам кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kamchatka
2017-05-19 19:39:57
эмне болмок эле ай жеке ишкер долясын норма таштадыда !
+2
torpu
2017-05-20 00:42:21
Бизде Мамлекет деген барбы озу? Долясын таштаган адамга эле лицензияны макулдукту бере беришеби? Анда бизде эмне калат акыркы жылдарда. Андан ошол эле ишкер байыбаса элге бир тыйын пайдасы жок. Ошол жердеги кен байлыкты казып алгандан кийин Кичик Алай элине бузулуп талкаланган экология тамтыгы чыккан жол калат, ал жердеги иши буткон сон ал ишкерди ит менен издеп таппайсын. Ошондуктан тиешелуу органдар тезинен чара коргуло, ким болсо да токтотуп соттош керек.
0
Krai
2017-05-20 10:05:41
Жайлоолорго жол салган келечек муунга деле жакшы болсо керек биз озу бири бирибиздин ишибизди коро албайбыз да
0
torpu
2017-05-20 12:32:47
Krai, Сен эмнени билмек элен, жол сала турган жер толтура го, ондой турган жол толтура ошол жерге жол салсын ондосун акчасы ашып атса. Эл бекер жерден чырылдабайт жергиликтуу эл билет канчалык зыян экенин.Сен да ошол ишкердин туугандарынан окшойсун...
0
torpu
2017-05-20 12:35:18
Ал жерге жол салса табият талкаланат жана ал эч качан оордуна келбейт бир эле ишкер байыйт жергиликтуу элге тыйын пайдасы жок.
0
Kroxa
2017-05-23 20:06:16
Тоого деле машинанын жолу салынса жакшы эле болмок ойдо карай ат менен же жоо жаландап чыккандан коро..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан