Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Октябрь көчөсүндө суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу үчүн казылган жерлер бир нече айдан бери көмүлбөй жатат. Бул тууралуу 20-майда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Алгач бул тууралуу "Элдик кабарга" жөнөткөнүбүздө бир аз жумуш жүргөн болчу. Азыр кайрадан токтоп турат. Токтогонуна бир айдын жүзү болду. Ал жакка жаш балдар барып ойноп жатышат. Кудай сактасын, эгер бирөө-жарым кырсыктап калса, ким жоопкерчиликти алат?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.