Мындан 122 жыл мурун, 1895-жылы Нью-Йоркто узактыгы 4 мүнөттү түзгөн боксчулардын урушун чагылдырган кинотасма көрсөтүлгөн. Ал тасма дүйнөдө эл акча төлөп көргөн алгачкы тасма болгон.
1895-жыл расмий түрдө кинематографиянын негизделген жылы. Тасмаларды көрсөтүү 1888-жылдары эле башталганы менен алардын жаратуучулары бири-бири тууралуу билишкен эмес. Андыктан алгачкы тасма жаратуучуну аныктоо талаш жараткан. Бирок бир туугандар Огюст жана Луи Люмьердин акы үчүн көрсөтүлгөн сеанстары коммерциялык жактан ийгиликтүү болгон. Ошол себептүү Люмьер тарыхта кинематографиянын негиздөөчүсү катары калган.
20-майдын жылнаамасы.