Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында жаңы курулган спорт залынын ачылышы өтүүдө. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ачылыш аземинде 12 айыл өкмөттөн 12 боз үй тигилип, палоо басылып, жылкылар союлду. Ошондой эле ачылышын атактуу ырчылар, комузчулар коштоп жатат. Волейбол, күрөш оюндары башталарына саналуу мүнөттөр калды. Баш байгеге жеңил унаа коюлат. Спорт залдын узун-туурасы 12 жана 24 метр", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.