Ирандагы президенттик шайлоодо Хасан Рухани жеңди

Ирандагы президенттик шайлоодо Хасан Рухани жеңди. Ага шайлоочулардын 60 пайызга жакыны добушун беришти. Ирандын ички иштер министринин маалыматы боюнча, президенттик шайлоого 40 миллиондон ашуун шайлоочу катышкан. Бул жалпы добуш берүүчүлөрдүн 70 пайызын түзөт.

Ал эми Хасан Руханинин башкы атаандашы делген мурдагы прокурор Ибрахим Раиси шайлоого катышкандардын 39 пайызынын добушуна ээ болгон. Калган эки талапкердин ар бири миллионго жетпеген добуш алышкан.

Айта кетсек, Хасан Рухани 2013-жылы шайлоодо биринчи мөөнөткө президент болуп шайланган. Ал Иранды дүйнөлүк изоляциядан чыгарууга жана эркин коом курууга убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NARYNGRAD
2017-05-21 16:42:17
Хасан Рухани эмес, туурасы Хасан Роухани болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан