ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев 36 жашка толду

V чакырылыштагы СДПК фракциясынан Жогорку Кеӊештин депутаты болгон Данияр Тербишалиев Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы "политология" адистиги боюнча Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 2010-2012-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "юриспруденция" адистиги боюнча экинчи жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек жолун Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Крест эл аралык кыймылында ыктыярчы катары иштөөдөн баштаган. 2001-2002-жылдары Лондон шаарында (Улуу Британияда) англис тилин окуп-үйрөнүү боюнча практикадан өткөн.
2003-жылдан 2004-жылга чейин – Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бөлүмүнүн адиси.
2004-2005-жылдары – "МИР" ЭТРКсынын журналисти, 2005-2006-жылдары "Силк Вей" ТТД коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2006-жылдан 2007-жылга чейин Алматы шаарындагы ВДНХнын "Муллен-Руч" ресторанынын башкаруучусу болгон.
2007-жылдан 2008-жылга чейин – "РИНЭК" Орусия инвестициялык компаниясынын директору.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган.
Ички иштер министрлигинин "Милицияга 85 жыл" медалы, "Жоокерлердин энелерин урматтоо" медалы, Ооганстан ардагерлер союзунун "Каармандыгы үчүн" медалы, ИИМдин Ардак грамотасы, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

20-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан