Орусиядагы уулун күткөн апанын кызы: "Апам биз менен турчу, 2 жылдан бери балам келсе издеп калат деп өз үйүнөн кетпей койду"

Назира Атамкулова 76 жашта. 2 жылдан бери Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы үйүндө жалгыз жашайт. Эки буту ооругандыктан жардамчы араба аркылуу жүрөт. 76 жаштагы апага коңшу жашаган кызы Гүлнара Атамкулова жардамдашып турат. Анын айтымында, иниси Замирбек Атамкулов 2013-жылдын күз айларында Орусияга кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

"Орусияга кеткенден бери иним менен эки эле жолу сүйлөштүк. 2015-жылы атам өтүп кетти, ага да келе албай калды. Апам болсо 7 жылдан бери төшөктө, өзүнчө эркин баса албайт. Атайын жардамчы араба менен жүрөт. Быйыл баласын сагынып куса болуп жатат. "Атасын көмбөй калды, мени да көмө албай калабы" деп ыйлаганынан Орусиядагы тааныштарыма кайрылган болчумун. Эне деген сыгылат экен да "бутум бар болгондо издейт элем, бутуңар бар издебейсиңер" деп урушат. Менин да 4 балам бар, каягына жетишем. Мен өзүм карачу элем, 2 жылдан бери "балам келсе издеп калат" деп үйүнөн кетпей койду", - дейт Гүлнара Атамкулова.

Гүлнара Атамкулованын айтымында, иниси Замирбек Атамкулов үстүбүздөгү жылдын 9-майында байланышка чыккан.

"9-майда социалдык тармактар аркылуу балдарыма "братан как дела?" деп жазыптыр. Мен деле жазып жатам, бирок мага жооп кайтарбай жатат. Атамдын карындашынын балдары 2014-жылы Екатеринбургдагы аэропортто иштеп жатканын көрүшүптүр. Андан бери кайда жүргөнү, эмне иш кылып жүргөнү белгисиз", - деди Атамкулова.

Буга чейин, 76 жаштагы апанын видео кайрылуусу интернетке тараган. Азыркы тапта интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынууда. Ал эми ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев дайынсыз делген Замирбек Атамкуловду издөө иштери жүрүп жатканын айтты.

Орусиядагы уулун зарыгып күткөн эне
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
frunze12
2017-05-20 19:08:04
Уулунуз табылып жанынызга кайтсын эне. Энелер коз жашын тогушпосунчу...
+11
mekenchil_jigit
2017-05-20 19:16:50
ТИМ, элчилик дегендер уйкудан ойгонсо болот эле. Супер инфо министрликке байланышып жардамдашып койгула
+12
jasgul
2017-05-20 19:21:07
ХХХ бала экен...
+4
surgeon777
2017-05-20 21:07:46
Бизде кыргызда "эл эмне дейт" деген синдром бар экенин билесиздер,бул апанын баласы да ишинен жолу болбой айылына кайткандан уялып жаткан чыгаар,ушунча жыл журуп эмне алып барам,не иштеп таптын десе не дейм деген сыяктуу ойлор менен бара албай жатышы мумкун,ага психологиялык,материалдык жардам керек деп ойлойм,тааныштары кезигип калса жакшы суйлошуп,тушундуруш керек,себеби мындай ситуацияга кооп киши кабылган.
Эл дагы жеп ийбей нормально отношение кылса келет,эл эмне дейт менен о
+13
ekaterinburg
2017-05-20 22:07:58
Видеосу журокту эзет(((
+7
ayjan_90
2017-05-20 22:17:00
Апасын ойлобогон баласы ХХХ апасы тируу кезде барып батаасын албайбы кутурбой зар болуп калба апана бар тезинен кечирим сура кийин балана ушинтип жалдырап кутуп калба
+8
zamandash
2017-05-20 22:21:00
Кийин аябай окуносунго Замирбек.азыр ойлобосон да кийин ойлонуп озунду озун жеп отосун
+9
zhykyo
2017-05-20 22:33:54
Замкооо, замкооо апанды кыйнаба .Замкоодо башы деле жок окшойт .Эненин коону балада,баланын коону талаада деген ушу
+7
BarsBaatyr
2017-05-20 22:42:25
Байкуш Эне ай...Замир тез Энеңин жанына бар.Мүмкүн сенин дагы шартың туура келбей жаткандыр.Эгер андай болсо Россиядагы Кыргыздардан жардам сура.Ак көңүл,берешен калкбыз.Жардам берчү азаматтар сөзсүз чыгат.Кудайым ай!Эч качан Энелердин көз жашын агызбачы!
+8
Ma9
2017-05-20 23:25:35
9 майда байланышка чыкса тирик экен шугур Эми апасын ойлоп келип калса экен
+3
evra_kg
2017-05-20 23:58:43
байкуш эне бир корсом деп эле тилеп жатса керек баланын боору жок окшойт табылып калса жазгылачы супер инфо
+3
mirbek2211
2017-05-21 12:04:15
Жүрөктү эздиго эне, Замкоо аман экенсин эртерек келип үйлөнүп эненди неберелүү кылып батасын алып карап жаша.
+4
Kanzada97
2017-05-21 16:57:22
журокту эздиго
0
kochkor.siti
2017-05-21 19:25:35
Журокту эзди апа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан