Бишкекте "Музейдеги түн" иш-чаралары өтүүдө

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарындагы музейлерде “Музейдеги түн” иш-чаралары 17-майда белгиленген Музей күнүнө арналып өтүп жатат.

Бул иш-чарага 12 арт студия катышты. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин маркетинг бөлүмүнүн кызматкери Канат Мырзабек уулунун айтымында, быйыл “Музейдеги түн” иш-чарасына жылдагыдан көп адам келди.

"Былтыр 7 миңдей адам келген, быйыл өткөн жылдагыга салыштырмалуу алда канча көп. Биз бул иш-чараны Музей күнүн өткөрүү жана коомчулуктун көңүлүн маданий иш-чараларга буруу максатында өткөрүп жатабыз”, - дейт Канат Мырзабек уулу.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында коноктор үчүн кол өнөрчүлөр өз эмгектерин тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан