Канадада деӊиз арстаны кызды сууга тартып кетти

Канаданын Ричмонд шаарында деӊиз арстаны (тюлень тукумуна кирүүчү, сүт эмүүчү жаныбар) кичинекей кызды көйнөгүнөн тиштеп, сууга тартып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 21-майда жазып чыгышты.

Болгон окуя тартылган видео жергиликтүү студент тарабынан интернетке жүктөлгөн. Алгач видеонун башталышында жаныбар шашпай сууда сүзүп жүргөнү, элдер ага нандын күкүмдөрүн таштап жатканы көрсөтүлөт.

Ал эми кичинекей кыз жээкке келип отурары менен деӊиз арстаны бир секирүү менен кызды көйнөгүнөн тиштеп, күбөлөрдүн кыйкырганына карабай сууга алып кирип кетет. Ошол жерде тургандардын бирөөсү кызды куткаруу үчүн артынан секирип, аны аман-эсен алып чыгат.

Эксперттердин айтымында, деӊиз сүт эмүүчүлөрү менен азыктанган жаныбар кыздын көйнөгүн балык деп эсептеп алышы мүмкүн.

"Видеону көргөн соӊ алгач эле менде адамдар ушунчалык акылсыз жана жаратылышка тиешелүү деӊгээлде сый менен мамиле кыла алышпайт деген ой келди. Ал деген калифорния деӊиз арстанынын эркеги. Алар ири көлөмдүү келишет жана циркте оюн көрсөтүшпөйт. Аларды эл менен байланышууга да үйрөтүшпөйт", - деген оюн билдирген деӊиздерди изилдөөчү борбордун директору Эндрю Трайтс.

Деңиз арстаны кызды сууга тартып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
temirov.2013
2017-05-22 08:49:58
жакшы аман калыптыр
+3
bond
2017-05-22 10:11:26
Мужик молодец.
+6
Seryi-Kardinal
2017-05-22 10:19:28
ochki kalyp ketti suuda
+4
Nazikbaigazy
2017-05-22 11:47:51
Ии кудай сактаптыр.
+4
ayjan_90
2017-05-22 13:13:55
Чыныгы эркек екен
+4
KgAltynai
2017-05-22 16:12:07
Дароо секирип ала калганы жакшы болуптур,заматта албаганда алып кирип кетмек беле ким билет. Кыз катуу коркуп калган чыгар.
+1
Kroxa
2017-05-23 01:01:52
Ал деле ойноп аткан чыгаар..тилин ким тушунмок эле??беркилер кулуп атса..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан