Орусиянын Хабаровск шаарында өспүрүмдүн огунан жарадар болгон 37 жаштагы Кыргыз жараны Талант Жумаев ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, 21-апрель күнү кечинде Орусиянын Хабаровск шаарында өспүрүм Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн имаратына кол салып, 2 адам каза тапкан. Бири аталган мекеменин кызматкери, экинчиси ал жерде жумуштары менен жүргөн катардагы жаран болгон. Ал эми ал жерге котормочу катары чакырылган Талант Жумаев жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 18 жаштагы куралчан өспүрүм күч кызматкерлери тарабынан жок кылынган.