Парламент комитети Кыргыз сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо долбоорун жактырды

22-майда парламенттик Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде Кыргыз сүт өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган макулдашуунун долбоору жактырылды.

Документке таянсак, бул тармакты өнүктүрүүгө 5 миллион доллар каражат алынганы жатат. 2 миллион 250 миң доллары грант, 2 миллион 270 миң доллары насыя. Насыя 38 жылда төлөнүп бүтмөкчү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдиргендей, долбоор 4 бөлүмдөн турат. “Мамлекеттик жана жеке менчик сүт өндүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга 1 миллион 600 миң доллар, ички айыл чарбаны өнүктүрүүгө же бодо малдын санын көбөйтүүгө 1 миллион 480 миң доллар бөлүнөт. Сүт өндүрүүгө 1 миллион 270 миң доллар каралган. Ал эми жалпы долбоорду ишке ашырууга 600 миң доллар бөлүнөт”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-05-23 00:48:07
Сутту кымбатыраак алышса айылдарда жайкысын 9 же10сомго тушуп калат..эл саткан ондуруштор арзан кайра эле сыр,эт,сут сатып алсан канча кымбатка турат..???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан