"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Прокурордун соттук ишке кызын ээрчитип келгендиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда адам өлтүрүү боюнча соттук отурумга прокурордун соттук ишке кызын ээрчитип келгендиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алманбет Абдраманов билдирди.

Соттук отурумдарга жашы 18ге чыга элек адамдын катышар-катышпасы жөнүндө соттук ишке төрагалык кылуучу судья гана айта алат. Ал эми мамлекеттик айыптоочунун жүрүм-туруму боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында кошумча маалымат беребиз”, - деди Абдраманов.

Айта кетсек, 19-майда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши каралып жаткан. Мамлекеттик айыптоочу соттук ишке катышып, катарындагы отургучта 6-7 жаштардагы кызы кошо отурган. Кийинчерээк кичинекей кыз отурган жеринде уктап калган.

Прокурор өзүнүн кызын соттук ишке ээрчитип келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
wwwbaxa
2017-05-22 13:02:37
бир жагы туура түшүнүш керек,бир жагы туура эмес жумуштан калсаң да ээртитип барбаш керек.
0
Djal1987
2017-05-22 13:11:06
wwwbaxa,эмнесин тушунуш керек??? Органда иштеген адамга коп чектелуу бар. Мисалы туугандарынан бироо жарым турмодо отурса да чектоо болот тууганы турмодо отурганы учун. Прокурор базарда пияз сатып отурган жок тушунуш учун.
-2
Djal1987
2017-05-22 13:03:52
Тем болээ сот адам олтуруу жонундо болуп жатат. Прокурор оз ордун билиш керек жашоодо. Прокурор деген эле аты бар экен а так оз ишине ХХХ мамиле кылат экен да.
-5
raykray
2017-05-22 13:04:43
тем более Адам олуму боюнча дейт, эмне создор болот ал жерде?!
+2
Djal1987
2017-05-22 13:08:22
Эгер кызын караганга адам жок болсо сотту жылдырыш керек башка убакытка.
0
frunze12
2017-05-22 13:14:28
Эми кызын карай турган адам табылбай калгандыр. Прокурор кызын сот процессине катыштырбай ошол жерде иштеген кызматкер кесиптештеринин биринин жанына калтырып табыштап койбоптур да, кабинеттерде толтура тергоочу ж.б.иштейт го...
+9
akzuura
2017-05-22 13:16:34
Жогору жака караганда айткан күнгө барып так иштейт экен.
Алар 120адам болупда отуратго ноутбук тиктеп эч нерсени чечпей.
+1
baiazat
2017-05-22 13:17:05
Баары эле тушунуу менен кабыл алыш керек бул нерсени...
0
gul-jana2
2017-05-22 13:18:41
Эшиктин алдында секретарша деген бар болсо керек ошонун жанына отургузуп койсо деле болмок да. 6-7 жашар кез эс кирип калган эле учур го, такыр эле долуланып ыйлап, атасын ээрчибесе керек. Адам олтуруу боюнча сотто эмнелер гана айтылбайт? Ошо эле атасы мамлекеттик айыптоочу катары ал жерде окуя кандай болгонун толук окуп берет да. Минтип бычактаган же тепкилеген же зордуктап олтургон деп. Ошонун баарын тиги кыз угуп отурдубу?
+11
Djal1987
2017-05-22 13:48:11
Ошону тушунбой боло бере деп жатпайбы кээ бироо. Мин жолу айтсан да жетпейт экен. Мен деле мындай кылгам деп. Прокурор это прокурор.
0
Kroxa
2017-05-23 00:53:42
Биздин мыйзамдын жузу...ушундай да болобу??? Билим дегенди сатып алсак анан кандай прокурор болот???ботон эл укса уят эле болдук го..он вообще порядок должность занет нет???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан