Бүгүн, 22-майда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында “Биринчи мугалим – Дүйшөндүн” айкелин орнотуу демилгеленди. Демилгечи депутат Рыскелди Момбеков билдиргендей, эстелик Билим берүү жана илим министрлигинин алдына орнотулат. Анын айтымында, бул эстеликти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата орнотуу каралып жатат.
Депутат Жанар Акаев Кыргыз мамлекетинде эстеликтер бири-бирине окшош экенин айтты. Ал чет өлкөлөрдө ар бир айкелдин өзгөчөлүгү бар экенин билдирип, өтүп бараткан адамдар маани берип, сүрөткө түшөрүн белгиледи. Ошондуктан депутат эстеликтин көрүнүшүнө көңул бурууну сунуштады.
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков чыгармада эмес, кадимки жашоодо жашап өткөн Дүйшөндүн сүрөтү бар экенин, эстелик ошонун негизинде жасаларын айтты.