Бир ай мурун Бишкекте Мерседес сүзүп кеткен эки окуучунун бири дале ооруканада

21-апрелде Бишкектеги Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен эки окуучу баланын бири Алимбек Сыранов дале ооруканада. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

"Эки окуучунун бири Алимбек Сыранов ооруканада. Анын учурдагы абалы тууралуу маалымат берүүбүзгө ата-энеси каршы болууда", - дейт басма сөз кызматынын өкүлү.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан жогоруда аталган окуя боюнча тергөө иштери уланып жатканын айтты.

Белгилей кетсек, окуучулардын бири Эрбол Мамажакыпов 10-майда ооруканадан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jonne
2017-05-22 15:43:01
Кабардар кылып турса болмок ал бала учун бут кыргызстан ал акыбалын ойлондуруп атса керек. Алахым шыпасын берип жакшы болуп кетсин биздин балакай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан