22-майда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде "Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болгон жоокерлердин сөөктөрүн Кыргыз жерине кайра көмүү чаралары жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтом долбоору жактырылды.
Демилгечи депутат Аида Салянова белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согушка 360 миӊден ашуун Кыргыз жоокери катышкан, бирок кайтып келгендерден тышкары, алардын канчасы ошол согуш талаасында каза болуп, канчасы дайынсыз жоголгондугу тууралуу так маалымат жок. Аталган токтомдо согушта каза болгондор жана дайынсыз жоголгондордун маалымат базасын түзүү менен маркумдардын көмүлгөн жерин аныктоо жана алардын сөөктөрүн Кыргыз өлкөсүнө алып келүү чараларын иликтеп чыгуу боюнча өкмөткө тапшырма берүү жагы каралган.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кыргыз жеринде аталган согуштун 600дөн ашык гана ардагери калды.