Алмазбек Атамбаев менен Токон Мамытов этностор аралык мамилени талкуулашты

22-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды.

Мамлекет башчы Ассамблеянын иши, этностук жамааттардын маданий борборлорунун өз ара мамилеси жана өлкөнү байырлаган бардык этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо иштери жөнүндө маалымат берилди. Мамытов этностор аралык мамилелерди мындан ары өркүндөтүү, улуттук биримдикти камсыздоо жаатында кеп кылды.

Алмазбек Атамбаев өлкөдө салттуу этностор аралык конструктивдүү диалогду сактоодо жана коомдогу ынтымакты бекемдөөдө аталган Ассамблеяга өзгөчө милдет жүктөлгөнүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан