Оор кылмыш иштери каралган соттук отурумга жашы жете элек балдарга катышууга болбойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын юристи Айпери Сатыбалдиева билдирди.
Ал жаш балдардын соттук отурумдарга катышуу-катышпоосу тууралуу мыйзамда көрсөтүлбөгөндүгүн айтты.
"Сотто адам өлтүрүү кылмыш иши каралып жаткан болсо, күбөлөр же айыпталуучулар кылмышты кандай жасап бергендигин соттун алдында айтып берип жатпайбы. Алардын сөзү угуп отурган баланын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 18 жашка чыга элек балдарды ишке төрагалык кылуучу судья башында эле соттук ишке киргизбеши керек”, - деди юрист.
Эскерте кетсек, 19-майда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши каралып жаткан соттук отурумга прокурор кичинекей кызын ээрчитип келген.