Бишкекте өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 2,5 миңден ашуун абоненттердин электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

23-майда өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 2,5 миңден ашуун абоненттердин электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек шаары боюнча абоненттердин карызы 23-майга 47 миллион сомду түзөт, анын ичинен:

Свердлов району боюнча 12 миллион сом;

Ленин району – 21 миллион сом;

Октябрь району – 5 миллион сом;

Биринчи Май району – 9 миллион сом.

"Акылдуу” эсептегич (ЭКЭАМЧАС эсептегичи) орнотулган керектөөчүлөрдүн өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн өчүрүлгөн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан соң серверден автоматташтырылган системде адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан